Нарында мыйзамсыз курал сатууга шектелген жаран кармалды
Нарын шаарында мыйзамсыз курал сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 25-майда облус милициясы билдирди.23-майда милицияга шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде белгисиз жарандар мыйзамсыз ок атуучу курал-жарактарды сатып жатышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгү (Ок атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жака анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында 1972-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалган. Кароонун жүрүшүндө:
- 4 даана сайлуу ок атуучу курал;
- 2 даана сайсыз ок атуучу курал;
- 347 даана майда калибрлүү патрон;
- 6 даана ок атуучу куралдын патрону;
- 9 даана колдонулган гильза;
- 4 даана куралдын кундагы (приклад) алынган. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















