Түркияда билим алып жаткан Айдана: “Бир кезде сыртынан суктанган университетте бүгүн өзүм окуп жатам”
SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Түркиянын Анталья шаарындагы Акдеңиз университетинде магистратурада билим алып жаткан мекендешибиз Айдана Абдыкеримова менен маектештик. Биз аны менен Түркиядагы студенттик жашоо, билим алуудагы мүмкүнчүлүктөр жана келечек пландары тууралуу баарлаштык.
- Саламатсыңбы, Айдана? Алгач өзүң жөнүндө кенен айтып өтсөң.
- Саламатсыздарбы! Мен Нарын облусуна караштуу, Ат-Башы районунун, Казыбек айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсүмүн. Айылымдагы Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектепти бүтүргөм.
Андан соң Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде гуманитардык факультетининитарых бөлүмүн аяктап, учурда Анталья шаарындагы Акдеңиз университетинде магистратурада окуп жатам.
- Эң сонун, тарых адистигин эмне себептен тандап алдың эле, ушул тууралуу да айта кетсең?
- Ачыгын айтканда, кокусунан эле тандап калгам. Өзүмдүн ЖРТдан алган баллыма жараша тапшырдым. Башында кызыгуум деле жок болчу. Бирок окууну аягына чейин чыгарып, мага берилген мүмкүнчүлүктөрдү толук колдонууну чечтим.
- Учурда Түркияда магистратурада окуп жатасың. Бул өлкөдө билим алууну эмне себептен тандап алдың?
- Манаста 4-курсту аяктап жаткан учурда “Türkiye Bursları” программасы ачылды. Бул программа бизде аябай эле белгилүү. Мен дагы өзүмдү сынап тапшырууну туура көрдүм. Алгач документтерди чогултуп, системага киргиздим. Биринчи этаптан өткөн соң Анкара шаарында баарлашуу болду. Кийин 2025-жылдын август айында жыйынтыгы чыгып, Акдеңиз университетине өтүптүрмүн.
Өтөрүмө ишенимдүү болчумун, анткени 2024-жылы жазгы семестрда Түркияда алмашуу программасы менен окуп кеткем. Ошондо мага бул жакта убакыт өткөргөн, окуу системасы аябай жаккан.
Кийин университетке келгенде бир окуя эсиме түштү. Мурда дагы Антальяга келгенде автобус менен өтүп баратып Акдеңиз университетин сырттан эле көргөм. Ошондо жашыл, кооз болуп турса "кийин дагы келип ичинде сейилдесем" деп ойлонуп койгом. Бир кезде сыртынан суктанган университетте бүгүн өзүм окуп жатам. Кээде ошол окуяны эстеп жылмайып алам.
Эң сонун, бул оюң жакшы тилек - жарым ырыс дегендей болгон тура. Магистратурадагы окуу процесси кандай өтөт? Сабактар, изилдөө иштери, мугалимдердин чет элдик студенттерге болгон мамилеси жана башкалар тууралуу айтып берсең?
- Өзүм тарых адистигин улантып жаткандыктан өтө кыйын болгон жок. Бирок баары бир Туркиянын стунденти статусунда болгонуң үчүн, сен башка мамлекеттен келдиң деп сага өзгөчө мамиле кылышпайт. Ошол себептен бул жакта дагы аракет кылып окуу зарыл.
Негизинен өзүмө жаккан сабактарды тандап алдым. Бул жакта сабактар болуп жаткан учурда эле сага изилдөө катары макаланын темаларын берип коюшат. Баалоо дагы ошол изилдөө иштерине жараша жүргүзүлөт. Кээ бир мугалимдер сынак дагы алышат. Магистратура - негизи тереңдетилген билим сыяктуу, мурунку окугандарыңды дагы да терең анализдеп, окуйсуң. Мугалимдер бизге окуганга китептерди, макалаларды беришет жана ар бир сабакта ошону талкуулап, үстүнөн иштейбиз.
Окуудан тышкары убактында эмне менен алексиң? Кандай хоббилериң бар?
- Окуудан тышкаркы убакытта деңиз жээгинде кофемди, чайымды алып сейилдегенди жакшы көрөм. Кээде университеттен чыгып эле жалгыз кетип калам. Баштыгымда дайыма китеп болот, ошону алып окуп убакыт өткөрөм.
Мындан тышкары өзүмө бир максат койгом - ар бир айда жаңы шаарга чыгуу деген. Ошентип сабактардан бир аз бошоп калган учурда саякаттап келем. Бул жакта спорт менен машыкканга дагы жакшы шарттар түзүлгөн. Ошол себептен, кээде теннис ойнойм, чуркайм. Досторум менен дагы ар кандай концерттерге барабыз. Негизи эле бул жактан эч зерикпейм.
- Эң сонун негизи эле убактыңды пайдалуу өткөргөнгө аракет жасайт экенсиң. Социалдык тармактарда да ар турдуу кызыктуу видеолорунду бөлүшүп келесиң. Эми айтсаң, убакытты кантип туура бөлүштүрөсүң?
- Социалдык тармактар азыркы жашообуздун бир бөлүгү болуп калбадыбы. Мен күн сайын так план түзө бербейм. Бирок белгилүү мөөнөттөрдү коюп, ошол убакытка чейин иштеримди бүтүргөнгө аракет кылам. Күнүмдүк жашоомдо болсо бардыгына жетишкенге тырышам.
Кээде сабактардан чарчап кеткен учурлар болот. Мындайда эс алуу керек экенин түшүнүп башка жакка чыгып, өзүмө убакыт бөлөм.
Жогоруда ар бир айда жаңы шаарга чыгууну максат кылганмын деп калдың, учурда Туркиянын кайсы шаарларында болуп көрдүң? Алардын ичинен эн жактырган шаарын кайсы жана эмне учун экендигин айта кетсең?
- Ооба, Туркиянын көп шаарларын кыдырдым. Мерсин, Каппадокия, Измир, Мугла, Стамбул, Анкара жана башка шаарларда болдум. Алардын ичинен эң жактырганым мен үчүн - Стамбул. Туркиянын башка шаарлары көбүнчөсү бири-бирине окшош, бирок Стамбул айрыкча кооз.
Стамбулда тарыхый жерлер жана кооз жерлер көп. Ар бир барган сайын идеяларды жана орусча айтканда "вдохновение" алам. Ал эми жашаш үчүн менин оюмча Анталья эң жакшы вариант.
Көп шаарларды кыдырып, түрк маданиятын ичинен билип калсаң керек. Турк маданиятынын кыргыз маданияты менен окшоштуктарын же өзгөчөлүктөрүн байкадыңбы?
- Бир жолу досумдун үйүнө айт майрамына барып калдым. Ошондо чындыгында көп нерсени байкадым. Биздей эле бири-биринин үйүнө барып майрамдашат экен. Анан “el öpme” чоңдордун колдорун өөп, акча алышат экен. Шекер майрамы деп келген кишилерге таттуу беришет экен.
Бирок биздей болуп ар бир келген конокко дасторкон жайып тосушпайт. Айт майрамынан тышкары да ошондой экен. Эгер “akşam yemeği”, башкача айтканда кечки чакырылсаныз гана тамак берилет. Калган учурда жөн гана таттуу жана чай беришет.
Үйдөн алыста чет өлкөдө билим алган соң мекенге болгон кусалык болобу? Андай учурларда эмне кыласың?
- Албетте, Кыргызстанды аяьай сагынам. Айрыкча ата-энемди бир туугандарымды. Мындай учурларда көп ойлобогонго аракет кылам. Анын ордуна күнүгө бир иш менен алек болом. Ошондо бир аз алаксыйм.
Бирок ичимдеги сагыныч эч качан кетпейт. Бул учурда менин кичинекей салтым бар. Сагынганда, бул жактагы уйгур ашканаларына барып биздин тамактардан жеп келем.
Магистратураны аяктагандан кийинки пландарың кандай? Кыргызстанга кайтып келип иштөө оюң барбы?
- Магистратураны бүткөндөн кийин негизи Кыргызстанга барам. Баары бир өз мекенимде жашагым келет. Бирок келечекте башка өлкөлөргө дагы окуу же иш тажрыйбасы үчүн барып келүүнү пландап жатам.
- Сөз аягында, сен сыяктуу чет өлкөдө билим алууну каалаган жаштарга кандай кеңеш берет элең?
- Эч качан коркпогула. Кылгыңар келип жаткан кыялыңарды жаш кезиңерде жасап көрүү керек. Чет өлкөдө окуу жаңы чөйрө, жаңы эмоция, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ошол себептен жашооңордо бир жолу болсо да бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбагыла.
- Убактыңды бөлүп, кызыктуу маек куруп бергениң үчүн чоң рахмат! Максаттарың орундалып, мындан ары да көптөгөн ийгиликтерди жарата бер.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео















