super.kg logo

Футбол: Иран курамасы Дүйнө чемпиондугундагы машыгуу базасын АКШдан Мексикага көчүрөт

 

Ирандын футбол боюнча улуттук курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугу маалындагы машыгуу лагерин АКШдан Мексикага которот. Бул тууралуу Иран футбол федерациясы кабарлаганын чет элдик басылмалар жазышты.

Федерациянын президенти Мехди Таждын айтымында, ФИФА команданын базасын өзгөртүү өтүнүчүн расмий жактырган.

ФИФА өкүлдөрү жана дүйнө чемпиондугун уюштуруучулар менен болгон жолугушуулардан кийин биздин АКШдагы базаны Мексикага көчүрүү боюнча өтүнүчүбүз кабыл алынды”,- деди ал.

Иран курамасынын машыгуу базасы АКШнын Аризона штатындагы Тусон шаарында жайгашмак. Бирок АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунан кийин виза алуу жана коопсуздук маселелери жаралышы мүмкүн экени айтылган.

Эми Иран курамасы Мексиканын Тихуана шаарында жайгашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: