Акча алмаштыруучу жайдагы окуя: Милиция кызматкерлерине карата ички иликтөө башталды
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан 24-майда Ош шаарында орун алган, анын кесепетинен жаран каза болгон окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.Мекеменин басма сөз кызматы белгилегендей, аталган кызмат тарабынан окуянын бардык жагдайларын, анын ичинде окуя болгон жерде болгон милиция кызматкерлеринин аракеттерин, алар тараптан өз убагында чара көрүлүшүн, көрүлгөн чаралардын толуктугун ар тараптуу жана объективдүү текшерүү жүргүзүлүүдө.
Эгер мыйзам бузуулар аныкталса, күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартыла тургандыгы кошумчаланды.
Эскерте кетсек, 24-майда экинчи борбордо акча алмаштыруучу жайдын ээси бычакталып каза болду. Милиция шектүү кармалганын, "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча иш козголгонунун билдирди. Ал эми кандуу окуянын видеосу интернет желесине тарап, укук коргоо кызматкерлеринин аракеттери коомчулуктун сынына кабылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















