УКМК башчысы КМШ атайын кызматтарынын жыйынына катышты
Кечээ, 25-майда Иркутск шаарында УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 58-жыйынына катышты. Бул тууралуу 26-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйында УКМК башчысы баяндама жасап, анда эл аралык күч-аракеттерди бириктирүүнүн жана заманбап чакырыктар менен коркунучтарга туш болууда КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ортосунда диалог түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн компетенттүү органдарынын жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү коопсуздукту камсыз кылууга байланыштуу маселелерди талкуулашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















