Кылычбек Шакиров: “Кумтөр” боюнча жаңы түзүлгөн бирдиктүү ишканадан Кыргызстандын кирешеси 3 миллиард долларга жакын болот”
“Кыргызалтын” ААКынын башчысынын
орун басары Кылычбек Шакиров бүгүн, 28-январдагы маалымат жыйынында “Кумтөр” боюнча жаңы түзүлгөн бирдиктүү
ишканадан Кыргызстандын кирешеси 3 миллиард долларга жакын болот” деп билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Бирдиктүү ишканадан 2014-2026-жылдары жыл сайын 9 миллиард 558 миллион доллар киреше табуу
күтүлүүдө. Анын ичинде операциялык чыгашаларга
3 миллиард 41 миллион доллар, капиталдык
чыгымдарга - 2 миллиард 216 миллион доллар, салык - 1 миллиард 332 миллион
доллар, лизингдин чыгашалары - 200
миллион доллар. Бардык чыгашаларды
эске алганда ишканада 2 миллиард 770
миллион доллар каражат калат.
“Эки тарап 1 миллиард 385 миллион доллардан алат. Кыргызстанга 1 миллиард 332 миллион доллар салык катары түшөт. Жалпысынан киреше 2 миллиард 856 миллион долларга айланат. “Центерранын” кирешеси 1 миллиард 446 миллион доллар болуп калат”,- деди Шакиров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

