Депутаттар ИИМдин жаңы объекттерин көрүп чыгышты
Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да катышты.
Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баштаган депутаттар ИИМдин Атайын багыттагы полкунун жаңы имаратын көрүп чыгышты. Аларга казарма, ашкана, спорттук жана машыгуу залдары тууралуу маалымат берилип, атайын техникалар көрсөтүлдү.
Андан соң эл өкүлдөрү ИИМдин Эксперттик криминалистикалык кызматына барып, жаңы ачылган ДНК, баллистика жана дактилоскопия лабораториялары менен таанышты. Ошондой эле курал-жарак коллекциясы, ок-гильзотека жана сервердик бөлмө көрсөтүлдү.
Иш сапардын жүрүшүндө Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жаңы имараты да тааныштырылды.
Жыйынтыгында депутаттар Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Ички иштер министрлигине кызматтык унааларды тапшыруу аземине катышып, мындай колдоо өлкөдөгү коопсуздукту жана коомдук тартипти чыңдоого чоң салым кошорун белгилешти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















