ИИМге 370 жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды
Бишкек шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигине 370 даана жаңы кызматтык автотехниканы тапшырды. Салтанаттуу иш-чара Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтүп, ага ИИМ жетекчилиги да катышты.
ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата уюштурулду.
Расмий маалыматка ылайык, жаңы автоунаалар ички иштер органдарынын мобилдүүлүгүн жогорулатууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга жана коомдук тартипти камсыздоого багытталган. Техникалар заманбап коопсуздук жана видеокөзөмөл системалары менен жабдылган.
Белгиленгендей, “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында видеокөзөмөл камераларынын саны да көбөйтүлүп, 2026-жылга чейин 20 миңге жеткирүү пландалууда.
ИИМге тапшырылган жаңы техника өлкөнүн бардык аймактарында укук тартибин камсыздоону күчөтүүгө шарт түзөрү айтылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















