Ошто азык-түлүк баасын туруктуу кармоо көзөмөлгө алынды
Ош шаардык мэриясында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө маселеси боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Жыйында шаар мэри азык-түлүк бааларын туруктуу кармап, калк үчүн жеткиликтүү деңгээлде сактоо зарылдыгын белгилеп, тиешелүү мекемелерге ишти күчөтүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле шаардагы соода түйүндөрүндө социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, жасалма тартыштыктын алдын алуу жана дыйкандардын түз катышуусунда жарманкелерди уюштуруу милдеттендирилди.
Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө социалдык маанидеги негизги 9 азык-түлүктүн 6 түрү боюнча ички камсыздоо толук деңгээлге жеткен. Калган товарлар боюнча да жакынкы мезгилде өзүн-өзү камсыздоо максаты коюлууда.
Шаар жетекчилиги азык-түлүк коопсуздугу улуттук коопсуздуктун маанилүү бөлүгү экенин белгилеп, берилген тапшырмалардын аткарылышы жеке көзөмөлдө болорун билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















