Камчыбек Ташиев катышкан иш боюнча сот уланат
“75чилердин каты” деп аталган иш боюнча соттук отурум 28-майда уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыпталуучулардын биринин адвокаты Акынбек Ногоев билдирген.
Анын айтымында, иш Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда каралууда.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин бул ишке мүмкүн болгон катышуусу тергөө жана сот тарабынан такталышы керек экенин билдирген.
Эске салсак, 18-майда Камчыбек Ташиев жана анын тарапташтарынын иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда соттук угуу болгон. Ага УКМКнын мурдагы төрагасы келген эмес. Бүгүнкү отурумга анын келери күтүлүп жаткан болчу.
Белгилей кетүүчү нерсе, ИИМ аталган ишке "жашыруун" деген гриф койгон.
Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталууда. Мындай беренелер менен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен экс-депутат Курманкул Зулушевге да айып тагылган.
Ал эми "75чилер" иши менен кармалган Бекболот Талгарбеков, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыпталууда.
9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. 11-февраль күнү кайрылууга кол койгон Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев жана Бекболот Талгарбеков кармалышкан.
Источник: super.kg маалымат-маанайшат порталы
0

Супер-Инфо
super.kg видео















