Армения менен АКШ стратегиялык кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту
Армения менен АКШ “Эл аралык тынчтык жана гүлдөп өнүгүүгө карай Трамптын маршруту” (TRIPP) долбоорунун алкагындагы стратегиялык кызматташуу боюнча алкактык келишимге параф коюшту. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Документке АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Арменияга болгон сапарынын жүрүшүндө кол коюлган.
Маалыматка ылайык, келишим саясий диалогду, экономикалык кызматташтыкты, коопсуздук, инфраструктура жана аймактык туруктуулук багытындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле документ эки мамлекеттин узак мөөнөттүү стратегиялык байланышын бекемдөөгө шарт түзөрү белгиленүүдө.
Азырынча келишим толук күчүнө кире элек. Парафирлөө – бул документтин тексти боюнча тараптар алдын ала макулдашканын билдирет. Кийинки этапта расмий кол коюу жана бекитүү процедуралары өтүшү мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















