super.kg logo

Бишкекте терроризмге каршы координациялык кеңешме өттү

 

Бүгүн, 26-майда УКМКнын Антитеррордук борбору экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча 2023–2027-жылдарга каралган мамлекеттик программаны ишке ашыруу алкагында координациялык кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга президенттин администрациясынын, Бишкек мэриясынын, министрлик-мекемелердин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө программанын негизги багыттары, аны натыйжалуу ишке ашыруу механизмдери жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусу талкууланды. Ошондой эле маалымат алмашууну күчөтүү жана экстремизм менен терроризмден келип чыккан коркунучтарга каршы аракеттенүүнү жакшыртуу маселелери каралды.

УКМКнын Антитеррордук борбору менен Президенттин администрациясынын өкүлдөрү айрым кемчиликтерди белгилеп, иш-чаралар планын аткаруу боюнча сунуштарын беришти.

Маалыматка ылайык, программа мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын координациясын күчөтүп, экстремизм жана терроризмге каршы күрөштүн натыйжалуулугун арттырууга багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: