Өлкөдө 3 айда 32 миң ымыркай төрөлдү
Ушул жылдын биринчи кварталында республика боюнча 32 миң 17 төрөт катталды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 716га көп.
Мындай маалымат Саламаттык сактоо министрлигинин 26-майдагы жыйынында айтылды.
Төрөттөрдүн санынын эң чоң өсүшү Ош шаарында жана Чүй облусунда байкалган.
Ошол эле учурда өлүү төрөлүү жана ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшү белгиленүүдө. Ымыркайлардын өлүмүнүн негизги себептери катары перинаталдык мезгилде пайда болгон абалдар, тубаса аномалиялар жана дем алуу органдарынын оорулары калууда.
Ал эми ушул жылдын үч айынын жыйынтыгы боюнча төрөттөн 2 эне каза тапты, өткөн жылдын ушул мезгилинде 14 эне көз жумган.
Жыйындын жыйынтыгында саламаттык сактоо уюмдарына энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн мындан ары төмөндөтүүгө багытталган тиешелүү тапшырмалар берилди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















