Кыргызстан менен Орусия мигранттарды медициналык камсыздандыруу маселесин талкуулады
Кечээ, 26-майда Москва шаарында Кыргызстан менен Орусиянын өкүлдөрү эмгек мигранттарын медициналык камсыздандыруу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Эмгек министрлиги билдирди.
Жолугушууга Кыргызстан тараптан эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кубанычбек Сагынбаев, саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов катышты.
Ал эми Орусиянын делегациясын өлкөнүн саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, министрдин орун басары Олег Салагай жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча федералдык фонддун төрагасы Илья Баланин толукташты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин, ошондой эле Орусияда эмгектенип жаткан кыргызстандык жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык камсыздандыруу боюнча маселелерди талкуулашты. Тараптар бул багыттагы кызматташууну мындан ары да улантуу маанилүү экенин белгилешти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















