Садыр Жапаров ажылык сапарда жүргөн муфтий менен телефондо сүйлөштү (видео)
27-майда президент Садыр Жапаров менен муфтий Абдулазиз Закиров телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Өлкө башчысы учурда ыйык Мекке шаарында ажылык сапарында жүргөн мусулман мекендештердин абалын сурады.
Ошондой эле жылуу колдоо сөздөрүн жолдоп, ажылык парзын ийгиликтүү өтөөнү, бардык жакшы ниеттердин жана курмандыктардын Жараткан тарабынан кабыл болушун тилек кылды.
Өз кезегинде муфтий зыяратчыларга көрсөтүлүп жаткан туруктуу көңүл буруу жана колдоо үчүн президентке ыраазычылык билдирди. Ал мекендештерибиз үчүн медициналык коштоо жана коопсуздукту камтыган бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн белгиледи.
Сүйлөшүүнүн аягында өлкө башчысы ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап, муфтий жалпы Кыргызстан элине жана президентке дуба кылган.
Садыр Жапаров муфтий Абдулазиз Закиров менен телефон аркылуу сүйлөштү
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















