super.kg logo

Меккеге ажылыкка 1,5 миллиондон ашык зыяратчы барды

 

25-майда Сауд Арабиясында мусулмандардын жыл сайын өтүүчү ажылык сапары башталды. BBC'нин маалыматына ылайык, бул жылы ажылыкка болжол менен 1,5 миллион адам барган.

Белгиленгендей, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга карабастан, быйыл ажылыкка келгендердин саны өткөн жылга салыштырмалуу көп болгон.

Буга чейин Сауд Арабиясынын Коргоо министрлиги калаада коопсуздук чаралары көрүлгөнүн маалымдаган болчу.

"Абадан коргонуу күчтөрү ыйык жайлардын үстүндөгү аба мейкиндигин коргоо жана бардык аба коркунучтарына каршы туруу үчүн жооп берет. Бул зыяратчылардын коопсуздугун жана тынчтыгын камсыз кылат",- деп айтылат билдирүүдө.

Саудиялык басылмалар зыяратчылардын агымын уюштуруу жана коопсуздук менен саламаттык сактоо кызматтарынын көзөмөлү жогорку деңгээлде жүргүзүлүп жатканын белгилешүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: