Иранда аралаш мушташ (ММА) боюнча мурдагы чемпион Голамреза Хани Шакераб өлүм жазасына тартылды. Ал Израилдин "Моссад" чалгын кызматы менен кызматташкан жана тыңчылык кылган деп айыпталган.Ирандык басылмалардын маалыматына ылайык, жаза соттун өкүмү Жогорку сот тарабынан күчүндө калтырылгандан кийин аткарылган.
34 жаштагы Голамреза Хани Шакераб мурда ММА боюнча чемпион болуп, машыктыруучу жана эл аралык калыс катары да иштеген. Ал буга чейин Түркияда жашап жүргөн. 2025-жылы Иракка барган учурда Ирандын коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалган.
Өткөн жылдын август айында да Иранда Рузбех Вади аттуу жаран Израилдин чалгын кызматы менен кызматташкан деп айыпталып, өлүм жазасына тартылган эле. Ал мамлекеттик мекемеде иштеп, жашыруун маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону айтылган.

Супер-Инфо
super.kg видео

















