ИИМ Ысык-Көлдө өтүүчү кайыктар жарышы боюнча сындарга жооп берди
Бүгүн, 28-майда ИИМ Ысык-Көлдө өтө турган дүйнөлүк F1H2O кайыктар жарышы боюнча соцтармактарда тарап жаткан сын-пикирлерге жооп берип, “экологияга зыян келет” деген билдирүүлөрдү негизсиз деп атады.
Мекеменин маалыматына ылайык, бул эл аралык деңгээлдеги престиждүү мелдеш буга чейин Европа, Түштүк-Чыгыш Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө өткөрүлүп келген. Эми алгачкы жолу Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда уюштурулганы турат.
"Мындай мелдештерди өз өлкөсүнө алып келүүнү талашкан өлкөлөр толтура болду. Бирок уюштуруучулар Кыргызстанды тандашты. Бул да болсо мамлекетибиз ишенимдүү өнүгүү жолунда баратканынан кабар берет. Анткени мындай деңгээлдеги иш-чараны уюштуруучулар дагы коопсуздук жагы кандай, инфратүзүмү кандай, экономикасы кандай деген өңдүү критерийлер менен карашат. “Экологияга, көлгө зыян алып келет” деп популисттик менен элди удургутуп жаткан билдирүүлөр дагы суу кечпейт. Анткени жарышка катыша турган бир моторлуу кайыктар заманбап келип, майлары акпагандай жабдылган. Бул чемпиондук кырк жылдан ашык убакыттан бери дүйнөнүн ондогон мамлекеттеринде, анын ичинде биздикиндей эле болгон туюк көлдөрдө да өткөрүлүп, бир да жолу экологиялык зыяны тууралуу факт болбоптур. Муну ошол соцтармакты колдонгондор интернетти карап изилдеп көрсө деле болмок. Демек, максаттары деле экология эмес, жеке өздөрүн пиар кылуу десек болот",- деп билдирди ИИМ.
Министрлик экологияга жогорку бийликтегилер башка жарандардан кем калбай күйө турганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















