Чек ара кызматы: "Кыргыз-казак чек арасынан тажиктерди өткөрбөй жатат” деп тажик тарап жалган айтууда"
“Кыргыз-казак чек арасынан тажик жарандарын өткөрбөй жатат” деген маалымат туура эмес. Муну бүгүн, 28-январда SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Айтымында, тажик тараптын мындай маалымат таратышы чагымчыл аракеттин бир үлгүсү.
“Эмнеге мындай маалымат таратып жатканы түшүнүксүз. Кыргыз-казак чек арасынан бардык жарандар кадимкидей эле өтүп жатышат. Эч кандай тажик жарандарына тоскоолдук жок”,- деди Бөрүбаева.
Эскерте кетсек, 27-январда тажик ММКлары кыргыз-тажик чек арасынан тажикстандыктар өтө алышпай жатканын жарыялашкан болчу. Алар маалымат таратууда Тажикстандын КРдагы элчисине шилтеме беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

