Ташиев барганы менен сот отуруму жылдырылды
Бүгүн, 28-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "75 жарандын каты" деп аталган иш боюнча соттук отурум болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Маалыматтар боюнча, сотко УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, парламенттин мурдагы төрагасы Нарланбек Тургунбек уулу барышкан. Бирок сот отуруму айыпталуучу Бекболот Талгарбековдун жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу бир нече саатка жылдырылган.
Эске салсак, 18-майда Камчыбек Ташиев жана анын тарапташтарынын иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда соттук угуу болгон. Ага УКМКнын мурдагы төрагасы келген эмес.
ИИМ аталган ишке "жашыруун" деген гриф койгон.
Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталууда. Мындай беренелер менен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен экс-депутат Курманкул Зулушевге да айып тагылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















