super.kg logo

Трамп Ирандын ураны боюнча кайрадан пикирин билдирди

 

АКШ лидери Дональд Трамп 27-майда Ак үйдө өткөн жыйында Ирандын тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү позициясына азырынча канааттанбаганын, бирок тараптар тынчтык келишимине жетишерине ишенерин айтты.

Трамп сүйлөшүүлөр ийгиликсиз болсо, АКШ аскердик аракеттерди кайра күчөтүшү мүмкүн экенин белгиледи. Анын айтымында, Иран бийлиги келишим түзүүгө кызыкдар болуп жатат. Президент муну өлкөдө үч айлык үзгүлтүктөн кийин интернеттин кайра иштей башташы менен байланыштырды.

Ошондой эле Трамп Ирандын экономикасы алсырап жатканын белгилеп, тынчтык сүйлөшүүлөрү Тегеран үчүн маанилүү экенин айтты.

АКШ президенти Ормуз кысыгы эч кандай чектөөсүз ачык болушу керектигин белгиледи. Ирандын байытылган уранын Орусияга же Кытайга өткөрүп берүү демилгеси ага жакпай турганын билдирди.

Буга чейин Ирандын мамлекеттик телеканалдары тараптардын кыйыр сүйлөшүүлөрүндө Ормуз кысыгын бир ай ичинде ачуу жана АКШнын Иранга карата деңиздеги бөгөттөрдү азайтуу боюнча алдын ала макулдашуулар болгонун кабарлашкан. Бирок Ак үй бул маалыматтарды төгүндөдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: