Балыкчы шаарында "Алтын Логистик" борбору ачылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарындагы "Кыргызалтын" ишканасынын "Алтын Логистик" эл аралык логистикалык борборунун ачылыш аземине катышты.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Касымалиев аталган борбор Кытайды, Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрүн байланыштырган негизги логистикалык хаб катары натыйжалуу иш алып барарына ишеним билдирген.
Борбор 5,5 гектар аянтка жайгашып, транспорттук-логистикалык процесстерди коопсуз жана натыйжалуу уюштуруу үчүн заманбап инфраструктура менен жабдылган. Комплекстин кубаттуулугу күнүнө 200 жүк ташуучу унааны тейлөөгө мүмкүндүк берет. 80ден ашык жаңы жумуш орундары түзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















