"Кесиптешиң" деген сөз түшүп... Билимди баалоо борбору ЖРТдагы катаны ырастады (видео)
Агартуу министрлигине караштуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору жалпы республикалык тестирлөөдөгү катаны моюнга алды. Маалыматка ылайык, кыргыз тилиндеги тапшырмалардын биринде “кесиптешиң” деген сөз сүйлөмдүн башында түшүп калып, техникалык мүчүлүштүк кеткен.
Бул маселе социалдык тармактарда абитуриенттер тарабынан көтөрүлүп, суроонун тууралыгына байланыштуу талкуу жаратууда.
Учурда аталган жагдай боюнча адистер текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле ката кеткен суроо тесттен чыгарылып, ошол вариантка туш келген бардык абитуриенттерге кошумча упай берилери белгиленди.
Ошондо туурасы мындай: Кесиптешиң Саматтын ... тоюнда сен тынбай идиш жуудуң го, таң бердим. Демек, кесиптешинин үйлөнүү тою жөнүндө сөз болуп жатат.
Быйыл ЖРТга жалпы 64 миң 083 абитуриент катталган. Алардын 35 миң 288и кыргыз тилинде, ал эми 28 миң 795и орус тилинде тест тапшырууну тандап алышкан.
жрт
0

Супер-Инфо
super.kg видео















