Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чаралар өтөт
Бишкек шаарынын мэриясы 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата шаар тургундарын, борбор калаанын конокторун майрамдык иш-чараларга катышууга чакырат.Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, саат 10:00дөн тарта Ала-Тоо аянтындагы фонтан аянтчасында фотозоналар, кызыктуу сынактар, спорттук мелдештер жана улуттук тамак-аштар сунушталган фудкорттор уюштурулат.
Ошондой эле саат 17:00дөн тарта чет өлкөлүк таланттардын өнөрлөрү көрсөтүлүп, балдар чыгармачылык борборлорунун концерттери орун алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















