D Billions, Aмирчик катышат... Балдар күнүндө Бишкекте бир нече иш-чаралар өткөрүлөт (программа)
1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Бишкектин райондорунда бир катар майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Биринчи Май районунда өтүүчү иш-чаралар:
- Саат 16:00дө Нариманов скверинде;
- Саат 15:00дө "Вефа" соода борборунда "Тумар FM" радиостанциясы менен биргеликте балдар үчүн майрамдык концерт уюштурулат.
- Саат 15:00дөн тарта "Бишкек Парк" соода борборунда иш-чаралар болот.
- Панфилов атындагы паркта аниматорлор катышкан интерактивдүү зоналар, ар түрдүү багыттагы мастер-класстар болот. Мындан тышкары, саат 09:00дөн 18:00гө чейин аттракциондор 14 жашка чейинки балдарга 80 сом, андан жогоруларга 150 сом болот.
Свердлов району:
- Саат 14:00дөн тарта ГУМ жана Old Bishkek борборлорунда балдар үчүн кызыктуу көңүл ачуучу программалар уюштурулат;
- "Дордой Плаза" соода борборунда саат 18:00дөн 21:00гө чейин 1-кабатта, ошондой эле борбордун ичиндеги "Мамалак" балдар оюн-зоок паркында саат 15:00дөн 16:00гө чейин музыкалык жана бий программалары, үстөл оюндары, аниматорлор, таттуулар жана аквагрим уюштурулат.
Ленин району:
- 31-майда саат 18:00дөн 22:00гө чейин "Азия Молл" соода борборунда Amirchik катышкан майрамдык концерт, DJ-сеттер, интерактивдүү жана көңүл ачуучу программалар, бийлер, фотозоналар жана тематикалык аянтчалар уюштурулат;
- 1-июнда саат 12:00дө Фучик паркында, саат 11:00дө "Ак-Ордо" конушунда балдар үчүн спорттук иш-чара, ал эми саат 12:00дө "Ала-Тоо" конушунда майрамдык программа уюштурулат;
- Саат 12:00дөн 20:00гө чейин "Ала-Арча" соода борборунда үй-бүлөлүк жарманке жана балдар үчүн шоу-программа өткөрүлөт;
- Саат 12:00дөн 22:00гө чейин "Евразия" паркында театралдаштырылган көрсөтүүлөр, музыкалык жана чыгармачыл топтордун концерттери, аквазона, балдардын сүрөт көргөзмөсү жана башка көңүл ачуучу иш-чаралар болот.
Октябрь району:
- 1-июнунда "Таш-Рабат" соода борборунда балдар үчүн шоу өтөт;
- Sky Park Baytik үй-бүлөлүк оюн-зоок паркынын экинчи бөлүгүнүн салтанаттуу ачылышы болот. Иш-чарага Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоосунда турган балдар катышат;
- Саат 12:00дөн 18:00гө чейин Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында Color Fest фестивалы өтөт. Фестивалда балдар үчүн көңүл ачуучу шоу-программа, интерактивдүү оюндар ошондой эле Бегиштин катышуусундагы кичи-концерт болот;
- "Ынтымак-2" сейил багында саат 14:00дөн 16:30га чейин "Баарыбыз бирге" фестивалы өтөт. Иш-чаранын программасына артисттер менен оюндар, бий флешмобдору, кызыктуу сынактар жана көңүл ачуучу программалар ошондой эле сүрөтчүлөрдүн жана чыгармачыл топтордун өнөрлөрү көрсөтүлөт;
- Саат 17:00дөн 20:00гө чейин "Ынтымак-2" сейил багында D Billions музыкалык тобу жана "Ак Шоола" балдар хорунун катышуусунда майрамдык иш-чара өтөт. Программада балдар үчүн интерактивдүү мастер-класстар, кызыктуу шоулар жана анимациялар, сынактар жана бийлер камтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















