super.kg logo

D Billions, Aмирчик катышат... Балдар күнүндө Бишкекте бир нече иш-чаралар өткөрүлөт (программа)

 
1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Бишкектин райондорунда бир катар майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Биринчи Май районунда өтүүчү иш-чаралар:
  • Саат 16:00дө Нариманов скверинде;
  • Саат 15:00дө "Вефа" соода борборунда "Тумар FM" радиостанциясы менен биргеликте балдар үчүн майрамдык концерт уюштурулат.
  • Саат 15:00дөн тарта "Бишкек Парк" соода борборунда иш-чаралар болот.
  • Панфилов атындагы паркта аниматорлор катышкан интерактивдүү зоналар, ар түрдүү багыттагы мастер-класстар болот. Мындан тышкары, саат 09:00дөн 18:00гө чейин аттракциондор 14 жашка чейинки балдарга 80 сом, андан жогоруларга 150 сом болот.
Свердлов району:
  • Саат 14:00дөн тарта ГУМ жана Old Bishkek борборлорунда балдар үчүн кызыктуу көңүл ачуучу программалар уюштурулат;
  • "Дордой Плаза" соода борборунда саат 18:00дөн 21:00гө чейин 1-кабатта, ошондой эле борбордун ичиндеги "Мамалак" балдар оюн-зоок паркында саат 15:00дөн 16:00гө чейин музыкалык жана бий программалары, үстөл оюндары, аниматорлор, таттуулар жана аквагрим уюштурулат.
Ленин району:
  • 31-майда саат 18:00дөн 22:00гө чейин "Азия Молл" соода борборунда Amirchik катышкан майрамдык концерт, DJ-сеттер, интерактивдүү жана көңүл ачуучу программалар, бийлер, фотозоналар жана тематикалык аянтчалар уюштурулат;
  • 1-июнда саат 12:00дө Фучик паркында, саат 11:00дө "Ак-Ордо" конушунда балдар үчүн спорттук иш-чара, ал эми саат 12:00дө "Ала-Тоо" конушунда майрамдык программа уюштурулат;
  • Саат 12:00дөн 20:00гө чейин "Ала-Арча" соода борборунда үй-бүлөлүк жарманке жана балдар үчүн шоу-программа өткөрүлөт;
  • Саат 12:00дөн 22:00гө чейин "Евразия" паркында театралдаштырылган көрсөтүүлөр, музыкалык жана чыгармачыл топтордун концерттери, аквазона, балдардын сүрөт көргөзмөсү жана башка көңүл ачуучу иш-чаралар болот.
Октябрь району:
  • 1-июнунда "Таш-Рабат" соода борборунда балдар үчүн шоу өтөт;
  • Sky Park Baytik үй-бүлөлүк оюн-зоок паркынын экинчи бөлүгүнүн салтанаттуу ачылышы болот. Иш-чарага Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоосунда турган балдар катышат;
  • Саат 12:00дөн 18:00гө чейин Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында Color Fest фестивалы өтөт. Фестивалда балдар үчүн көңүл ачуучу шоу-программа, интерактивдүү оюндар ошондой эле Бегиштин катышуусундагы кичи-концерт болот;
  • "Ынтымак-2" сейил багында саат 14:00дөн 16:30га чейин "Баарыбыз бирге" фестивалы өтөт. Иш-чаранын программасына артисттер менен оюндар, бий флешмобдору, кызыктуу сынактар ​​жана көңүл ачуучу программалар ошондой эле сүрөтчүлөрдүн жана чыгармачыл топтордун өнөрлөрү көрсөтүлөт;
  • Саат 17:00дөн 20:00гө чейин "Ынтымак-2" сейил багында D Billions музыкалык тобу жана "Ак Шоола" балдар хорунун катышуусунда майрамдык иш-чара өтөт. Программада балдар үчүн интерактивдүү мастер-класстар, кызыктуу шоулар жана анимациялар, сынактар ​​жана бийлер камтылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: