Ошто курулуш материалдары текшерилип, сертификация иштери жүргүзүлдү
Ош облусунун аймагында курулуш материалдарынын сапатын текшерүү жана сертификациялоо иштери жүргүзүлдү.
Курулуш министрлигине караштуу Курулушту сертификациялоо республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын адистери Кара-Суу районунун Папан айыл аймагында жайгашкан шагыл жана кум өндүрүүчү заводго көчмө текшерүү жүргүзүштү.
Текшерүү учурунда адистер өндүрүштүн технологиялык процесси менен таанышып, чыгарылып жаткан продукциянын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин талдашты. Ошондой эле лабораториялык сыноолор үчүн курулуш материалдарынын үлгүлөрү алынган.
Расмий маалыматка ылайык, сертификациялык сыноолордун жыйынтыгы чыккандан кийин продукциянын стандарттарга ылайык же ылайык эместиги боюнча акыркы чечим кабыл алынат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















