super.kg logo

ТИМ Орусияга бара жаткан кыргызстандыктарга кайрылды

 

Ушул жылдын 30-июнунан тартып чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар Орусияга кирүү ниети тууралуу маалыматты RuID мамлекеттик кызматтар порталынын мобилдик тиркемеси аркылуу чек арадан өтүүдөн кеминде 72 саат мурда тапшырышы керек.

ТИМдин маалымат кызматы кабарлагандай, документтер менен тастыкталган шашылыш дарылануу, оор дарт же жакын тууганынын каза болушу сыяктуу өзгөчө жагдайларда арызды пландалган кирүү убактысына чейин 4 сааттан кечиктирбей тапшырууга болот.

Ал эми эл аралык жүк ташууларды аткарган айдоочулардын жыл ичинде Орусияда болуу мөөнөтү 180 суткага чейин узартылды. Аталган жарандар өлкөгө кирүү жөнүндө арызды мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын RuID мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө тапшырууга милдеттүү.

Кирүү жөнүндө арызды тапшырууда өздүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн, ошондой эле эл аралык ташууларды жүзөгө ашырган айдоочунун кесиптик ишмердүүлүгүн тастыктаган документтерди тиркөө зарыл.

Орусия Өкмөтүнүн 2026-жылдын 27-апрелиндеги №468 токтому менен каралган талап кылынуучу документтердин тизмеси менен укуктук маалыматтын расмий интернет-порталынан таанышууга болот: http://publication.pravo.gov.ru.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: