super.kg logo
  Саясат  

Депутаттык комиссия Садыр Жапаровдун кол тийбестигин алуу тууралуу Баш прокуратуранын сунушун колдогон жок

 

Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия "Ата Журт" фракциясынын депутаты Садыр Жапаровдун кол тийбестигин алуу тууралуу Баш прокуратуранын сунушун колдогон жок.  Комиссия жабык эшик артында жыйын өткөрүп, Садыр Жапаровдун кол тийбестигин алууга макулдугун бербөө чечимине келишти. Эми комиссиянын жыйынтыгы 20-декабрь күнү Жогорку Кеңештин пленардык жыйынынын күн тартибине киргизилет. Эске салсак, Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке депутат Садыр Жапаровдун кол тийбестигин алуу тууралуу өтүнүч жиберген. Ал Бакиевдердин үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон имаратты сатууда махинациялык жолдор болгондугу үчүн айыпталып жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: