super.kg logo

Бишкектеги 16 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

 

Бишкек шаарындагы курулуш объектисинде мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Курманжан датка көчөсүндөгү 1А дарегинде курулуп жаткан 16 кабаттуу турак жайда бир катар мыйзам бузуулар катталган.

Атап айтканда, казылып жаткан котлован долбоордон четтеп кеткен. Ошондой эле имараттын жогорку кабаттарында коргоочу тосмолор орнотулган эмес. Мындан тышкары жылуулук трассасын тартуу иштеринде да убактылуу коргоочу тосмолордун жоктугу аныкталган.

Бул фактылар курулуш талаптарын одоно бузуу катары бааланып, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Артвин Девелопмент” ЖЧКсына акт түзүлдү. Компанияга мыйзам бузууларды жоюу үчүн 3 күн убакыт берилди.

Департамент курулуш жүргүзгөн бардык компанияларды коопсуздук жана курулуш талаптарын так сактоого чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: