Кыргызстанда алгачкы ирет фасаддык материалдар 8-9 баллдык жер титирөөгө сыналды
Бүгүн, 28-май күнү Кыргызстанда биринчи жолу фасаддык тутумдар жана каптоочу материалдар натуралдык вибродинамикалык сыноодон өткөрүлдү. Иш-чараны Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту “Сейсмотуруктуу курулуш боюнча эл аралык эксперттер ассоциациясы” менен биргеликте уюштурду.
Маалыматка ылайык, сыноого министрликтин адистери, курулуш компанияларынын өкүлдөрү жана курулуш материалдарын өндүрүүчүлөр катышты. Институттун базасында курулган эки кабаттуу атайын вибростендде 8–9 баллдык жер титирөөнүн таасири моделденип, фасаддык материалдардын бекемдиги жана коопсуздугу текшерилди.
Текшерүүдөн төмөнкү материалдар өттү:
— керамогранит;
— алюкобонд;
— ламинам;
— фиброцементтик панелдер.
Адистердин айтымында, мындай масштабдагы сыноо Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Долбоордун негизги максаты – өлкөдө кеңири колдонулган заманбап фасаддык системалардын сейсмотуруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн баалоо.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















