Кыргызстан эл аралык издөөдөгү адамды Францияга экстрадициялады
Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Трансулуттук уюмдашкан кылмыштуулукка каршы конвенциясынын алкагындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарып, эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаранды Франция Республикасына экстрадициялады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Франциянын компетенттүү органдарынын маалыматына ылайык, аталган жаран кылмыштуу топтун курамында иш алып барып, чет өлкөлүк жарандардын Францияга жана Шенген аймагындагы айрым мамлекеттерге мыйзамсыз кирүүсүнө жана жүрүүсүнө көмөк көрсөткөн деп шектелүүдө.
Экстрадициялоо Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Интерполдун Кыргызстандагы Улуттук борбордук бюросунун координацияланган ишинин негизинде ишке ашырылды.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Кыргызстан мындан ары да эл аралык кызматташтыкты күчөтүп, кылмыш жоопкерчилигинен жашырынып жүргөн адамдарды издөө жана экстрадициялоо боюнча чет мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү улантат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















