"Артыкчылык менен бүттүм". Америкада бекер билим алган Дилбаранын дем берген маеги (видео)
Билимди эң чоң байлык деп билген жаштардын аракети ар дайым суктанууга татыктуу. Бүгүнкү күндө өз максаты үчүн тынымсыз изденип, кыйынчылыктарга карабай билим алууга умтулган жаштар коомдун жаркын келечегин түзүп жатышат.
SUPER.KG порталындагы “Ийгиликке дем берген жаштар” рубрикасынын бул жолку каарманы 23 жаштагы Дилбара Асаналиева. Ал 19 жашында АКШга барып, чет өлкөдө билим алып, өз алдынча жашоонун жана чоң максаттарга жетүүнүн жолун тандаган жаштардын бири. Ал Нарын облусунда төрөлүп, Бишкек шаарында чоңойгон. Бүгүн Дилбара Америкадагы студенттик жашоосу, окуудагы жетишкендиктери жана кыйынчылыктарды жеңүү жолу тууралуу өз тажрыйбасы менен бөлүшөт.
- Саламатсыңбы, Дилбара бийкеч! Америкага кантип барып калдың? Учурда кайсы шаарындасың?
- Мен 2022-жылы, 19 жашымда грин карта утуп алып АКШга келдим. Чикаго шаарына жайгаштым. Бул жакта менин жалгыз таанышым Элдар байке болду. Кыргызда “алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деп бекеринен айтылбайт эмеспи, Элдар байке Кыргызстандагы кошунабыз. Америкага жаңы келгенимде колунан келген жардамын берип, кеңешин айтып, ар дайым колдоп турду. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ага чоң ыраазычылык билдирем. Ошондой эле мага ишенип, колдоп, батасын берип жиберген ата-энеме терең ыраазычылык айтам.
- Учурда коллежди бүтүрүптүрсүң. Кайсы багыт боюнча билим алдың? Окууга тапшыруу кыялың качан пайда болгон жана бул жолду тандоого эмне түрткү берди?
- Гарольд Вашингтон атындагы колледжде эки жыл окуп, илим багытындагы орто кесиптик даражасын артыкчылык (with honors) менен аяктадым. Келечектеги программистмин. Кичинемден АКШда окууну кыялданчумун, бирок окуу жана жашоо кымбат болгондуктан өзүм төлөй албайм деп тапшырып көргөн эмесмин. Ошентсе да бул чоң максатым бойдон кала берген.
Кудайдын буйругу менен кийин грин карта утуп, АКШга келип калдым. Башында бир жылдай иш менен алек болуп, "Kohl’s", "Starbucks", "Marriott" сыяктуу компанияларда эмгектендим. Бирок жашоомдун баары жумуш менен эле өтүп жаткандай сезилип, өзүмө жаккан жол эмес экенин түшүндүм.
Кийин бир университетке барып, окуу шарттары жана төлөмдөрү тууралуу маалымат алууга кызыктым. Ошол жерден кабылдамада иштеген кызматкер мага АКШда белгилүү бир убакыт жашаган студенттерге берилген мамлекеттик грант (Free Application for Federal Student Aid) тууралуу айтып берди.
Андан соң колледжге тапшырып, FAFSA аркылуу окуум 100 пайыз толугу менен каржыланып калды. Бул мүмкүнчүлүк үчүн АКШ өкмөтүнө да ыраазычылык билдирем. Кыргызстанда “Ала-Тоо” университетинде бир жылга болжол менен 1000 доллар төлөп окуган болсом, бул жакта акысыз билим алуу мен үчүн жомоктой туюм калтырды. Чынын айтсам, кичинемдеги Дилбара мындай мүмкүнчүлүктү элестете да алчу эмес.
- Билим алуу учурунда кандай кыйынчылыктар болду жана аларды кантип жеңдиң? Кыргызстандагы билим берүүдөн кандай айырмачылыктарын байкадың?
- Чикагодо жашоо кымбат болгондуктан, мен окуп да, иштеп да жүрдүм. Ошол эле учурда колледждеги кошумча студенттик клубдарга да активдүү катыштым. Окуу мен үчүн оңой болгон жок, бирок окуу жай сунуштаган бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга аракет кылдым.
"Lake Michigan" жана "Chicago River" сууларын изилдөө клубуна да кошулдум. Ал жактан биринчи жолу микроскоп менен иштеп көрдүм. Америкалык студенттер бул жабдыкты мектептен эле колдонгондуктан, мага да жардам берип, түшүндүрүп турушту.
Мен байкаганым, бул жактагы студенттер абдан бири-бирин колдойт. Англисче акцент менен ката сүйлөсөм да, эч качан кемсинткен учур болгон жок. Анан да мага “Бул жакта хиджабка кандай карашат?” деп көп сурашат. Чындыгында эч ким терс мамиле кылган жок, тескерисинче, кызыгып, сый менен кабыл алышат.
Башында академиялык англис тилин түшүнүү да кыйын болду, студенттердин тамашалары да башкача экен. Кийинчерээк баарын түшүнө баштадым. Кыргызстанда адатта бир тайпада чогуу бир көргөн адамдарың менен окуйсуң, ал эми бул жакта ар бир сабакта ар башка студенттер болот экен. Тандоосуна жараша окууга жаңы киргендер да, бүтүрүп жаткандар да, жаштар да, улуу адамдар да чогуу окуй берет экенбиз. Бул мага башында кызыктай көрүндү.
Дагы бир таң калычтуу нерсе - сабак учурунда тамак жеп отуруу же бутту столго коюу кадимки көрүнүш экен. Профессорлор студенттерди катуу урушпайт, тескерисинче, эркин чөйрө түзүлгөн.
Ошондой эле студенттер үчүн атайын психолог бар. Ага кирип бекер консультация алса болот. Мен да кээде жөн гана сүйлөшүп, жардам алуу үчүн психологго барып турчумун. Окуудан кыйналган учурларымда ыйлап барып, колдоо тапкан учурларым көп болду.
- Колледжди ийгиликтүү аяктап жатканыңа үй-бүлөңдүн жана жакындарыңдын колдоосу кандай роль ойноду?
- Ата-энем жана эжем “окууну таштаба, сөзсүз түрдө бүтүр” деп дайыма айтып турушту. Орто жолдо кыйналган учурларда окууну таштап салайын деген ойлор да келген. Бирок иниме үлгү болоюн деген максат мени алдыга сүрөдү. Апам менен эжем мен үчүн эң чоң мотивация берүүчү, жеке коучтарым десем да болот.
Ата-энемдин колдоосу болбосо, Америкага келүүм да, билим алуу жолум да кыйын болмок. Алар мага баштапкы тепкичти куруп берип, чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачышты.
Чикаго шаарындагы кыргыз коомчулугу да абдан жакшы колдоо берди. Алар студенттер үчүн ар кандай иш-чараларды уюштуруп турушат. Өзгөчө Нурзат эже студент кыздардын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, жаратылыш койнунда эс алууну, түрдүү сынактарды жана ыйман сабактарын өткөрүп келет. Ошол иш-чаралар аркылуу биз бири-бирибизди таанып, жардамдашып, колдоо көрсөтүп турабыз. Кыргыз коомчулугунун колдоосу мага чоң күч бергенин да өзгөчө белгилей кетейин.
- Билимиңди жогорулатайын деген ниетиң бар да. Кайсы окуу жайга тапшырасың?
- Албетте. Менин Америка келүүмдүн негизги максаты билим алуу болгондуктан, болгон мүмкүнчүлүгүмдү жумшап окуп алууга тырышып жатам. Мен бакалавр даражасын Data Science (бул чоң маалыматтарды чогултуп, анализдеп, андан пайдалуу жыйынтык чыгарган илим) багытында алгым келет. Азыркы учурда кайсы университетке тапшырсам деп ойлонуп, караштырып жатам. Балким Иллинойс штаты ичинде калып окуйм, анткени мен бул штаттын резиденти болгондуктан окуу акысы арзаныраак болуп калат экен. Бирок башка штаттагы университеттерди да карап жатам, азырынча так чечим кабыл ала элекмин.
- Учурда чет өлкөдө окууну кыялданган кыргыз жаштарына кандай кеңеш бересиң?
- Өзүңөр изденгиле, эч качан бирөө мага айтып берет деп күтпөгүлө. Өз келечегиңер үчүн өзүңөр күрөшкүлө демекмин. Америкада эч ким келип сага баарын түшүндүрүп бербейт, ошондуктан шамдагай болуп, тартынбай сураганды үйрөнүш керек. Мен байкаганым - ким изденсе, ага мүмкүнчүлүктөр да көбүрөөк ачылат.
Мен да кызыгып изденгенимдин аркасында FAFSA тууралуу билдим, ошондой эле Microsoft жана Google компанияларынын стипендиялык программаларына катыштым. Google’дун курсун бекер окуп, сертификат алдым, чоң компанияларга да барып тажрыйба топтодум. “Жол жүргөнгө жол ачылат” деген сөз чын экен.
“Менин колуман келбейт”, “акчам жок” деп коркпогула - аракет кылсаңар мүмкүнчүлүк табыла берет. Англисче айтканда: Never give up and dream big! (Эч качан багынба жана чоң нерселерди кыялдан!)
- Дилбара маегиң үчүн ыраазычылык билдиребиз! Максаттарың орундалып, кыялыңдагы кесиптин ээси бол.
кошулду
Америкада бекер билим алган кыргыз кызы Дилбаранын дем берген маеги
0

Супер-Инфо
super.kg видео























