Эми майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттери автобуста бекер жүрүшөт
Бишкекте майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттери үчүн коомдук транспортто акысыз жүрүү укугу берилди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Маалымдалгандай, тиешелүү токтом Бишкек шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул чечим шаарда жашаган 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттерине тиешелүү.
Жеңилдетилген транспорттук картаны алуу үчүн төмөнкү даректерге кайрылуу зарыл:
- Ленин жана Биринчи Май райондору: Токтогул көчөсү, 245;
- Свердлов району: Чүй проспекти, 28;
- Октябрь району: Байтик Баатыр көчөсү, 17.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















