Кадамжайдагы жайлоодо өспүрүм мотоциклден кулап каза болду
Кадамжайда 16 жаштагы өспүрүм кырсыктап каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, ал кечээ, 28-майда Көк-Жалаң жайлоосуна мал караганы бара жатып мотоциклден кулаган. Өспүрүм алган оор жаракатынан улам "Тез жардам" унаасында баратып, ооруканага жетпей калган.
Кырсыктын жана өлүмдүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалган. Учурда алгачкы текшерүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















