Бишкекте кыргыз-япон маданий кызматташтыгы талкууланды
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев менен Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити жолугушуу өткөрдү.Жолугушууда тараптар маданият жана жаштар саясаты багытындагы кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Анда музей тармагын өнүктүрүү, маданий мурастарды сактоо жана эки өлкөнүн чыгармачыл, маданий мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды. Ошондой эле санариптик маданий долбоорлорду, көргөзмөлөрдү жана жаштарга багытталган инновациялык программаларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун алкагында министр Мамбеталиев жапон тарапты 2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















