super.kg logo

Бишкекте кыргыз-япон маданий кызматташтыгы талкууланды 

 
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев менен Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар маданият жана жаштар саясаты багытындагы кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Анда музей тармагын өнүктүрүү, маданий мурастарды сактоо жана эки өлкөнүн чыгармачыл, маданий мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды. Ошондой эле санариптик маданий долбоорлорду, көргөзмөлөрдү жана жаштарга багытталган инновациялык программаларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун алкагында министр Мамбеталиев жапон тарапты 2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга чакырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: