Мектепти канча окуучу бүтүрүп жатат?
Быйыл өлкө боюнча 80 миңден ашуун окуучу 11-классты, ал эми 136 миңден ашуун окуучу 9-классты аяктап жатат. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркул Кендирбаеванын куттуктоосунда айтылат.
"Ар бир ата-эне, ар бир мугалим силердин келечекте өз ордуңарды таап, максаттарыңарга жетип, мекенибиздин өнүгүшүнө салым кошкон ийгиликтүү инсан болушуңарды каалайт.
Каалаган окуу жайыңыздарга тапшырып, турмуш жолуңарда чоң ийгиликтерди жаратаарыңыздарга ишенем. Кыргызстандын келечеги — силердин колуңарда. Акыркы коңгуроо майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!" - деп жазат анын сөздөрүн Агартуу министрлиги.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















