super.kg logo

Ош мэри Акаев короосундагы гүлдөрдөн букет жасап, мугалимдерге белек кылды

 
Бүгүн, 29-майда Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Озгур айылындагы №58 Ак-Буура мектебинин Акыркы коңгуроо аземине катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.
225 орунга ылайыкталган мектепте бүгүн 425 окуучу билим алат. Аларды 35 мугалим окутат.
Бүгүн мектептин эшиги жабылып жатканы менен, силер үчүн чоң турмуштун дарбазасы ачылып жатат. Силер тарыхы терең, руху күчтүү шаарда билим алдыңар. Араңарда келечектеги дарыгерлер, инженерлер, окумуштуулар, министрлер отурат. Балким, келечекте Ошту дүйнөгө тааныткан адамдар чыгат”,- деди мэр.
Ошондой эле шаар башчысы ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү "сюрприз" күтүп жатканын айтты. Мэр өзүнүн короосунда өстүргөн гүлдөрдөн букет жасап келгенин айтып, мектеп мугалимдерине тапшырды.
“Бул гүлдөр – сиздердин эмгегиңиздерге болгон таазимим”,- деди ал.
Быйыл Ош шаарында 12 208 окуучу мектепти бүтүрүп жатат. Анын 3146сы 11-классты аяктады.





Жанарбек Акаев окуучуларга: “Ош шаары силерге ишенет!”

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: