super.kg logo

Исландия дүйнөдөгү эң кымбат өлкө деп табылды

 

Исландия жашоо чыгымдары боюнча дүйнөдөгү эң кымбат өлкө катары аныкталды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Жаңы маалыматтарга ылайык, өлкөдөгү жалпы баалар Европанын орточо деңгээлинен 84 пайыздан жогору. Исландия бул көрсөткүч боюнча көп жылдар бою эң кымбат өлкөлөрдүн катарында келген Швейцарияны да артта калтырды.

Айрыкча азык-түлүк баалары жергиликтүү калк жана туристтер үчүн өтө жогору экени айтылууда. Эт азыктары Европанын орточо баасынан 71 пайызга кымбатыраак экени белгиленген. Ошондой эле автоунаалар да болжол менен 40 пайыздан жогору баада сатылат.

Адистер мындай кымбатчылыкты жөн гана жогорку айлык менен түшүндүрүү жетишсиз экенин айтышууда. Өлкөдөгү салык жүгү, импортко көз карандылык, логистикалык чыгымдар жана рыноктогу атаандаштыктын салыштырмалуу начардыгы баалардын өсүшүнө таасир этүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: