Баткендин башчысы мектеп окуучусунун өлүмү боюнча окуяны жеке көзөмөлүнө алды
Баткен облусунун жетекчиси Мамыржан Рахимов 27-майда Кызыл-Кыя шаарындагы окуучу балдардын мушташында каза болгон өспүрүмдүн өлүмү боюнча окуянын териштирүү иштерин жеке көзөмөлүнө алды.Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, облус башчысы Кызыл-Кыя шаарынын жетекчилигине жана облустун укук коргоо органдарына, окуяны дыкат териштирүү тапшырмасын берген.
Буга чейин каргашалуу окуя боюнча милиция маалымат берип, кылмыш иши козголгонун билдирди. Ошондой эле мушташтын Акыркы коңгуроо иш-чарасына тиешеси жок экени кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















