Кызыл-Кыяда өспүрүмдөрдүн мушташынан окуучу каза тапты
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында өспүрүмдөр ортосундагы жаңжал адам өлүмү менен аяктады. Облустук милиция окуя 27-май күнү шаардагы эс алуу парктарынын биринде болгонун билдирди.
Маалыматка ылайык, анда 16 жаштагы өспүрүмдү өзүнөн бир жаш улуу бала уруп, өспүрүм эсине жоготкон. Жабырлануучу "Тез жардам" келгенче жеринде каза тапты.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка атайлап оор зыян келтирүү менен этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келүү) негизинде кылмыш иши козголуп, 2010-жылы туулган М.Б. аттуу шектүү кармалды. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Милиция окуянын Акыркы коңгуроо иш-чарасына тиешеси жок экенин билдирип, социалдык тармактарда тарап жаткан айрым маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















