Жол-кайгуул кызматынын инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды
Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын
кызматкери 14 800 сом жана 100 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул
туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Бекжан Рыскулов
Маалыматка караганда, жолдогу тартипти көзөмөлдөөчү мекеменин ага инспектору С.Б.Р. Бишкек шаарынын тургунунан жол кырсыгы боюнча фактыны жаап берүү максатында 600 доллар талап кылганы аныкталган.
Бул боюнча Бишкек шаардык
прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "опузалап пара талап кылуу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
mirbakg

28.01.2014. 15:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карга карганын козун ойбойт деп койот эле 600 долларды болушпой койсо керек да !!
emilkyrshab

28.01.2014. 15:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш инспектор, озумчул болбой, башка шумшукторго да бериш керек болчу, озумчул коррупционер жарыбайт...)))
boztalaa

28.01.2014. 17:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болушконундо кармабайт эле
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.