super.kg logo

BAKAI Business форуму Ошто Кыргызстандын ресторан бизнесинин лидерлерин чогултту

 

Ош шаарында ресторан бизнесине жана HoReCa тармагындагы ишкердикти өнүктүрүүгө арналган BAKAI Business форуму өттү. Иш-чарага Кыргызстандын түштүгүндөгү ишкерлер, ресторан, кафе жана сервис долбоорлорунун ээлери, ошондой эле өлкөнүн алдыңкы рестораторлору катышып, өз тажрыйбасы, бизнести өнүктүрүү жолдору жана практикалык кейстери менен бөлүштү.

Форумдун негизги максаты - аймактардагы ишкерлерге тажрыйбалуу ишкерлердин билимин жана тажрыйбасын жеткирүү. Төмөндөгү инсандар форумдун спикерлери катары сөз сүйлөштү:

— Айбек Джангазиев - Bellagio Group компаниясынын негиздөөчүсү жана BAKAI Business амбассадору;

— Азамат Аматов - Mubarak чайкана тармагынын негиздөөчүсү жана BAKAI Ислам амбассадору;

— Акбар Ибрагимов - Kaynar Group компаниясынын CEOсу;

— Сардар Умаров - «Бублик» кофеканалар тармагынын негиздөөчүсү.

Форумдун алкагында катышуучулар ресторан бизнесин өнүктүрүү, команданы башкаруу, сервис, бизнести кеңейтүү, маркетинг жана ишкерлер өсүү жолунда туш болгон каталар тууралуу талкуу жүргүзүштү.

«Бүгүнкү күндө ишкерлер үчүн бир гана каржылык мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу жетишсиз. Дайыма өнүгүп, тажрыйба алмашып жана күчтүү ишкерлерден практикалык билим алуу дагы маанилүү. Ошондуктан BAKAI Кыргызстандын бардык аймактарында форумдардан жана эртең мененки бизнес жолугушуулардан тартып ири билим берүү иш-чараларына чейин түрдүү бизнес аянтчаларды түзүп келет. Биз аймактардагы ишкерлердин дагы борбордогу бизнес өкүлдөрүндөй эле өнүгүү, нетворкинг жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушун каалайбыз. Бул - өлкөдөгү ишкердикти жана жалпы экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымыбыз», - деп белгилешти BAKAIда.

Ош шаарындагы форум BAKAI тарабынан Кыргызстан боюнча уюштурулуп жаткан бизнес иш-чаралар сериясынын уландысы болду. Буга чейин банк Ысык-Көлдө ири бизнес-форумдарды өткөрүп, КМШдагы эң белгилүү маркетологдордун бири Игорь Манн менен дагы жолугушууларды уюштурган.

BAKAI өлкөдөгү ишкерлер коомчулугун өнүктүрүүнү улантып, жөн гана финансылык сервистерди эмес, бизнести өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана Кыргызстандагы ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган толук кандуу экосистеманы калыптандырып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: