Социалдык тармактарда Кытайдагы таксисттердин сүрөттөрү талкуу жаратты
Социалдык тармактарда Кытайдагы “арбак-таксисттер” деп аталган айдоочулардын коркунучтуу сүрөттөрү кеңири тарап кетти.
Чет элдик басылмалар жазгандай, бул сүрөттөр 2016-жылдагы алдамчылык схемасына байланыштуу болгону жана жасалма түрдө өзгөртүлгөнү аныкталган.
Он жыл мурун Кытайдын Пекин жана Шанхай сыяктуу ири шаарларындагы такси айдоочулары “Uber” жана “Didi” сыяктуу тиркемелердеги профилдик сүрөттөрүн атайын өзгөртүп, көздөрү жок же оозу жасалма ачылган коркунучтуу сүрөттөрдү жүктөй башташкан.
Мындай сүрөттөр көптөгөн жүргүнчүлөрдү бул айдоочуларды чакыруудан баш тартууга түрткөн. Айрым учурларда айдоочулар такси келгенде жүргүнчү буйрутманы өзү жокко чыгарганын шылтоолошуп, акы алып турган учурлар катталган. Эки учурда тең тиркемелер айдоочуларга минималдык төлөм - 9 юань (болжол менен 116 сом) эсептеген.
Алдамчылык схемасы ачыкка чыккандан кийин жүргүнчүлөрдөн кечирим сурап, келтирилген чыгымдарды компенсациялаган.
Окуядан он жыл өткөн соң, бул сүрөттөр социалдык тармактарда кайрадан тарай баштап, интернетте талкуу жаратты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















