Лионель Месси алтынчы жолу Дүйнө чемпиондугуна аттанат: Аргентина курамын жарыялады
Аргентина курама командасы футбол боюнча 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна бара турган курамын расмий жарыялады. Башкы машыктыруучу Лионель Скалони АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган мундиалга катышуучу 26 футболчунун тизмесин бекитти.
Курамга команданын капитаны Лионель Месси дагы кошулду. 38 жаштагы чабуулчу үчүн бул карьерасындагы алтынчы Дүйнө чемпиондугу болот.
Машыктыруучу чемпиондук курамдын негизги бөлүгүн сактап калды. Тизмеде дарбазачы Эмилиано Мартинес, коргоочулар Кристиан Ромеро, Николас Отаменди, жарым коргоочулар Родриго Де Пауль, Энцо Фернандес, Алексис Мак Аллистер, ошондой эле чабуулчулар Лаутаро Мартинес жана Хулиан Альварес бар.
Ал эми тажрыйбалуу оюнчу Анхел Ди Мария бул жолу курамга киргизилген жок. Ал 2024-жылдагы Америка Кубогунан кийин улуттук курамдагы карьерасын жыйынтыктаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















