Словакиянын ТИМ башчысы: "Украинадагы жаңжалды диалог аркылуу чечүү керек"
Словакиянын ТИМ башчысы Юрай Бланар Украинадагы жаңжалды курал-жарак жеткирүү эмес, сүйлөшүү жана диалог аркылуу токтотууга болорун билдирди. Бул тууралуу украин басылмалары жазышты.
Анын айтымында, Европа Биримдиги согушту жаңы курал берүү менен эмес, активдүү дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу бүтүрүү зарылдыгын түшүнүшү керек.
Словакияда Роберт Фицо жетектеген өкмөт 2023-жылы бийликке келгенден кийин Украинага мамлекеттик кампалардан аскердик жардам жөнөтүүнү токтоткон. Ошол эле учурда өлкө гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантып, электр энергиясы, минасыздандыруу техникасы жана генераторлорду жеткирүүдө.
Ал эми Орусия Батыш өлкөлөрүнүн Украинага курал жеткирүүсү жаңжалды жөнгө салууга тоскоол болуп жатканын билдирип келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:32
2026-05-29
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















