Курулуш министрлигинде кадр адистери үчүн окутуу семинары өттү
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде кадрдык иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окутуучу семинар уюштурулду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара министрликтин Адам ресурстары башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп, ага ведомстволук бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын 70ке жакын адиси катышты.
Семинарда кадрдык документтерди туура жүргүзүү, эмгек мыйзамдарын колдонуу жана “Е-Кызмат” автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу маселелери талкууланды.
Ошондой эле Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү мамлекеттик кызматтагы актуалдуу өзгөрүүлөр боюнча маалымат берди.
Министрликтин маалыматына ылайык, мындай семинарлар кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана кадр иштеринин сапатын жакшыртуу максатында жыл сайын өткөрүлүп турат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















