Ош мэриясында күз-кыш мезгили жана коопсуздук маселелери талкууланды
Жанарбек Акаев төрагалык кылган Ош мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйынында шаар үчүн маанилүү болгон бир катар маселелер каралды.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, жыйында 2025–2026-жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилинин жыйынтыгы чыгарылып, алдыдагы сезонго даярдык маселеси талкууланды. Ошондой эле “Ошшаарсууканал” ишканасынын ишмердүүлүгү, кадр маселеси жана дебитордук карыздардын өсүшү боюнча тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, шаардагы видеобайкоо тутумун санариптештирүү жана “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында 200 видеокамера орнотуу маселеси көтөрүлдү. Милиция кызматкерлерин боди-камера жана планшеттер менен камсыздоо, мектептерге байкоо камераларын орнотуу да талкууланды.
Коллегияда шаардык бюджетке жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы дагы каралып, айрым муниципалдык мекемелерде аныкталган каржылык мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттер коюлду.
Жыйын соңунда шаар мэри кабыл алынган чечимдерди сапаттуу аткаруу боюнча жетекчилер жеке жоопкерчилик тарта турганын белгиледи. Ошондой эле “Акыркы коңгуроо” иш-чараларында окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата даярдыкты күчөтүү тапшырылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















