Бишкектин базарларында иштеген 44 медициналык мекеменин 35инде лицензия жок экени аныкталды”
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 28-январдагы жыйынында саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева Бишкекте өз алдынча иш жүргүзүп жаткан медицина кызматкерлеринин лицензиясы текшерилгенин билдирди. Бишкекте базарлардын айланасындагы 44 медициналык мекеме текшерилип, 35 мекеме уруксатсыз иштеп жатканы аныкталды.
“Комиссиянын жыйынтыгы боюнча, 44 мекеменин 9у гана лицензия менен иштеп жатканы белгилүү болду. 7 токтом түзүлүп, тийиштүү чаралар көрүлдү”,- деп билдирди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

